- Азыр Камчыбек Ташиев коомдогу  илгертен келе жаткан “илдеттер” менен   бир кылка күрөш жүргүзүп жатканына жалпы эл күбө.  Коррупция  жана ОПГ менен болгон күрөш өз жемишин бере баштады.

Мамлекеттин  казынасынын уурдап алган  каражаттар кайра мамлекетке кайтарылып  жатканы, ачык айтканда буга чейин түшүбүзгө да кирген эмес.

Кыргыздын каада салтына, нарк насилине туура келбеген, улуттун ар-намысына шек келтирген сойкулук менен күрөш жүргүзүлүп жатканы  да туура кадам. Биз “сойкулук  жок” деп өзүбүздү  алдап койгонубуз менен маселе чечилип калбайт. Аны  менен  жапа тырмак  күрөшүү зарыл.

Ошондой эле  салттуу эмес диний  агымдар менен күрөшө жүргүзүү  колго алынды.  Бул  өз убагында жасалган кадам болду.  Анткени радикал  диний агымдар  кыргыз элинин коопсуздугуна  коркунуч келтирет.

“Мыйзамдагы  ууру”  Көлбаевден мамлекетке  алынган батирлер, эми   мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу  карапайым адамдарга берилет экенин  угуп кубандым.

Ушундай батыл кадамдар  көпчүлүккө жагып бийликке болгон элдин ишенимин  жогорулатат.