Камчыбек Ташиев УКМКнын Панфилов районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде Министрлер Кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаровдун интернетте чуу жараткан видеосу тууралуу билдирүү жасады. 

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын юбилейлик тоюна барган эски видеосу жарыяланган. 

"Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын тоюна барса, аны жазбайсыңар, Акылбек Түмөнбаев Көлбаевдин тажиясына барса, аны жазалабайсыңар" дегендер болуп жатат. Коомчулук билиши керек: Көлбаев менен да сүйлөшүү болгон. Раимбек Матраимов менен дагы сүйлөшүү болгон. 3 жыл мурда аларга коомго зыяныңарды тийгизбегиле, мыйзам бузбагыла, өзүңөрдүн жашооңор менен жашагыла. Ушуга чейин тапкан акчаңарды элдин жыргалчылыгына жумшагыла деген шарт койгонбуз. Көлбаев да, Матраимов да камакка алынган, мамлекетке каражат төлөп берип чыгышкан. Көлбаев 1 миллиарддай, Матраимов 2 миллиарддай каражат төлөшкөн. Бирок акыркы бир жылдан бери кайра күчөп башташты, талап-тоноо, мамлекеттик кызматтагы байланыштарын колдонуп, мамлекетке зыян келтирмейин башташты. Эркештамда Кытай тараптан өткөрчү чоң пост бар. Ошону Матраимов кайра көзөмөлгө ала баштады. Өзүнүн адамдарын коюп, машиналардан акча чогултуп жатты. Кой десек, мыйзам чегинде жаша десек, көнбөсө, эмне кылышыбыз керек эле? Биз мамлекет үчүн жашап, иштеп жатабыз. Мен тирүү кезде мамлекетке каршы бир да ишке жол бербейм! Тил албай коюшту эле, жазалап жатабыз", - деди Ташиев. 

Ал жогоруда айтылгандай Көлбаев менен убагында өзү да тааныш болгонун, жолукканын, Акылбек Жапаров дагы беш жыл мурда тоюна барганын белгиледи. 

"Бирок акыркы 3 жылда, биз менен иштеше баштагандан тартып Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен эч кандай байланышы жок. Эгерде уюшкан кылмыштуу топтор, Көлбаев менен байланышы болсо, кандайдыр бир операцияларды жүргүзсө, ал турмак чогуу отуруп, чай ичсе, аны жоопко тартууга даярмын. Акылбек Түмөнбаев - эл шайлаган депутат. Силер кимди шайласаңар, ошолор менен иштешип жатабыз. Бирок депутаттарды да тазалаганга аракеттенүүдөбүз. Түмөнбаевдин бүгүн эле мандатын тапшыртып салуу мүмкүн эмес. Эгерде мамлекеттик кызматкер болсо бир саатта жумушунан кетмек. Эми анын өзүнүн уятына коелу. Өз каалоосу менен кетип калса жакшы болот. Бирок азырынча анын Көлбаев менен байланыштары чыга элек. Эгерде ошол боюнча маалыматтар болсо, бергиле бүгүн эле кылмыш иши козголот. Маалымат пайда болгон күнү кылмыш иши козголот. Эч кимге ырайым болбойт.

Бул айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор менен туруктуу байланышы бар мамкызматкерлерге тийиштүү. Мына, Ош облусунун губернаторунун орун басарын иштен алдык, Өзгөн шаарынын мэри камакка алынды. Ушинтип биргеликте тартип орнотбуз", - деп белгиледи Ташиев.