Камчыбек Ташиев УКМКнын Панфилов районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу айтты. 

Ал алгач бюджеттен мыйзамсыз алынган 120 миллиард сом 3 жылдын ичинде кайтарылганын белгиледи. 

"Быйылкы жылдын бюджети 550 миллиард сом экенин билесиздер. Үч жылда 120 миллиард сомду мамлекетке кайтардык. Бул сиздердин аракет, кылган ишиңиздердин натыйжасы. Кумтөр канча берип жатат, силер канча берип жатасыңар - ушундан билсе болот. Мунун баары мурда деле болуп келген, бирок азыр ал акчалардын баарын бюджетке топтоп жатабыз", - деди Ташиев УКМК кызматкерлерине кайрылып. 

Ал эми уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу айтып жатып, алардын мүчөлөрүнүн үй-бүлөсүнө мыйзамды бузбаса, эч кандай коркунуч жоктугун белгиледи. 

"Ошол эле Көлбаевдин балдарына, аялдарына тийбейбиз, эгерде алар мыйзамды бузбаса. Мына, аялына бир ресторанын сурады эле, аны бердик, жан багыңыз деп. Машинасын сурады, аны бердик. Үч кызына үч батирин бердик. Көчөдө калбагыла, жашагыла деп. 2 баласына 2 жер тилкесин, 2 батирин бердик. Техникалык тейлөө кызматы дегенин кайтарып бердик. Мындан ары таза эмгектери менен жашашсын. Бирок башкалардан тартып алган, кылмыштуу жол менен топтогон мүлктөрүнүн баарын мамлекетке алдык. 1 миллиард алган болсок, ошонун 220 миллиарды мамлекетке бүгүнкү күндө өттү. Калганын да өткөрүп жатабыз. Аныкы бир турак жай комплексинде 700 батири болсо, дагы бир комплексте 70, дагы биринде 60, дагы биринде 20-30 батири бар болчу. Ушундай нерселер абдан көп. Ошол батирлердин баары жөнөкөй адамдарга берилет. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу беребиз. Ошол олигархтар, болгондо да бандит - олигархтагар ошончо миллиарддаган байлыкты ээлетип койгондон көрө жөнөкөй адамдардын турмушун оңдоп коюу керек", - деди Ташиев. 

Ошондой эле Азим Рой тууралуу да айттып өттү. 

"Азим Рой Кыргызстанга келгенде президент менен жолугушкан, мен да кабыл алгам. Ал "болду, мурдагы криминалдык жүрүш-турушумду токтоттум, мен эми инвестормун, Кыргызстанга акча салайын, завод-фабрикаларды ачайын, элди жумуш менен камсыз кылайын", -  деди. Президент айткан: "Иштегиле, мыйзамды бузбагыла, адамдарга зыян келтирбегиле", - деп. Бирок эмне болду? 2 жыл өттү, завод-фабрика турмак, бир камок салган жок. Кайра мурдагы иштерин, талап-тоноо, коркутуу, тартып алмайын, акчасынын күчү менен укук коргоо, жергиликтүү бийлик органдарын сатып алмайын баштады. Ошондуктан чара көрдүк. Бизге криминал-инвесторлор керек эмес, ал ким болсо дагы мыйзам алдында жооп берет", - деди Камчыбек Ташиев.