Оштун мэриясы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду.

Маалым болгондой, андагы көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.

Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

-  "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;

- «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);

-  "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.