Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга таштаган келин кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту маалымдады. 

Соттун чечимине ылайык, келин абакта 2024-жылдын 11-январына чейин болот. 

Эске салсак, 8-ноябрда саат болжол менен 23:30дар чамасында укук коргоо кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштандыда пакетке салынган ымыркай жатканын кабарлаган телефон чалуу болгон. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, бардык зарыл экспертизалар жүргүзүлгөн. 

Тергөө, ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалды.