Кримавторитет Камчы Көлбаевдин жок кылынышы коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратты. Мамлекеттин ичинде мамлекет куруп алып, каалаганын жасаган "каралардын" чоңунун өлүмү кээ бирөөлөргө бийликке каршы колдонуучу куралга айланды. Алар "бандит болсо да эч ким аны өлтүргөнгө акысы жок болчу" деген пикирди карманышты. Бирок ошол эле убакта Көлбаевдин учурунда нечендеген адамдардын канына забын болгонун унутушту. Ал кол салган адамдардын айрымы о дүйнөгө аттанып кетсе, кайсы бири майыпка айланган.
Көлбаевдин курмандыктары:
"Жин" каймана аты менен таанылган Алтынбек Арзымбаев, ал Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.
"Чоро" каймана атуу Алмаз Сулайманов. Ал "Водолаз" каймана аттуу Максат Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.
"Макс Токмокский" каймана аттуу Максат Казаков. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Анын Көлбаевдин жеке буйругу менен жок кылынган.
Руслан Абазов - спортсмен.
"Рембо" каймана аттуу Марат Раимбеков - Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда болгон.
"Большой Макс" каймана аттуу Максат Карасартов - Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.
Бир туугандар Мирлан жана Нурлан Коноевдер - Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болгон.
Кубанычбек Коноев - жогоруда аталгандардын атасы - ал дагы Көлбаевдин буйругу менен жок кылынган.
Игорь Мелихов - ишкер.
"Кипш" каймана аттуу Урмат Садабаев - кримдүйнөнүн өкүлү.
Асылбеков Урмат жана Абдыкадыров Ильяс - уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болгон.
"Дөө Чыңгыз" каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов - Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанымал болгон. Ал дагы Көлбаевдин буйругу менен өлтүрүлгөн.
"Боб" каймана аттуу Махмуджан Рузиметов - Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.
Адис Кулмамбетов - Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Рыспек Акматбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири болгону маалым.
"Толкун Жумгальский" каймана аттуу Толкун Кулмамбетов - Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Ал Адис Кулмамбетовдун бир тууганы.
Бул тизме ушуну менен бүтпөйт. Билинбей, айтылбай, жашыруун калган дагы көп өлүмдөр бар. Ушул жерден - "бандит болсо да өлтүргөнгө акылары жок болчу" дегендер, "Көлбаев ушунча адамдын, алар бандит болгон учурда дагы өмүрүн албашы керек болчу" дей алышабы?