Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев каза болгонун аталган облустук милициядан билдиришти.
Анда айтылгандай, Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев 30 жашта болчу. Ал өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 2 уул, 1 кызы калды.
Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн, Ноокат РИИБдеринде, Ош ОИИБде кызмат өтөгөн. 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Орозмамат Акуналиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.