Ноябрдын башында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат.

Бул жылы 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү шейшемби жана шаршемби күндөргө туш келет. Мындан мурда Министрлер Кабинети 6-ноябрь - иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырууну бекиткен. Ошондуктан кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.

Ал эми мектеп окуучуларынын каникулу дагы башталат, ал 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат, сабактар ​​13-ноябрда башталат.