УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген.
Бул боюнча Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы, коомдук ишмер Бактыгүл Жумабаева пикирин айтты.
- Союз тарагандан бери чек ара маселеси чечилбей, анын натыйжасында ар кандай жаңжалдар орун алып келатат. Кыргыз-тажик чек арасында бир нече жолу куралдуу кагылышуулар болду, коңшу мамлекеттин куралдуу кол салуусун согуш деп айтсак болот. Канча жарандарыбыздан айрылдык, канча үйлөр, имараттар талкаланып материалдык чыгашага учурадык. Ушундай кайгылуу көрүнүштөрдү алдыда болтурбоо максатында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чоң аракеттерди көрүп жатат деп эсептейм. Тажикстанга көп жерлерибиз өтүп кеткени айтылып эле жүргөн. Аны далилдей турган документтин табылганы Камчыбек Ташиевдин бул маселени чечип, чекит коеюн деген аракетинин жыйынтыгы болушу керек деп эсептейм. Кандай документ экенин азырынча билбейбиз, бирок көп жерлерге чыныгы аныктама коюп бере ала турган күчү болсо, аны табуу да оңойго турбаса керек. Бул Камчыбек Ташиевдин аракети менен табылды го деп ойлойм.
Мына, былтыркы жаңжалда курман болгондордун күйүтү башка, өрттөлгөн үй-жайларды калыбына келтирүүдө Кыргызстан Тажикстандан эч нерсе сурабаган жок, баарын өз күчү менен жасады. Эми табылган документ менен чындыкты ачыкка чыгаруу керек. Тажикстан астыртан согушка от коюп отурбайбы. Чек ара такталса ошондой нерсе болбойт. Муну бир гана мен эмес, эл колдойт. Айрым гана ушундан да саясат жасап, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр гана каршы сөзүн айтышпаса, жалпы эл колдойт. Элдин атынан сүйлөбөгүлө дегендер да чыгат, бирок жалпы элдин каалоосу, тилеги тынчтык экени дайын да. Тынчтык тажик тарапка деле керек.