Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

“Бүгүн мен дал ошол чыныгы каармандарыбыз: өлкөбүздүн өнүгүшүнө жан дили менен, көзгө көрүнүктүү иши менен орчундуу салым кошуп жаткан мекенчил мекендештерибиз, мээнеткеч инсандарыбыз менен жүз көрүшүп олтурганыма абдан кубанычтамын.

Себеби, “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деп атактуу ойчул Арстанбек атабыз айткандай, эл сыйлаган, калк кастарлаган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу вазийпасын аткаруунун өзү эле чоң сыймык эмеспи.

Эң алды сиздерди мамлекеттик сыйлыктарыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстан башынан кечирген сынаакы учурларда да мекенчил инсандарыбыз чыкты. Айрыкча, бүгүнкү доордо: керт башынын, жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, көр тирликке моюн сунбай, өзүм дебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандарыбыз мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата Журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатышат. Биз – баарыбыз, албетте, ар кандай тоскоолдуктарга карабай, чыдамкайлыгын, сабырдуулугун, жаратмандыгын көрсөтүп, өлкөнүн алдыга жылышына бараандуу салым кошкон каармандарыбызга суктанабыз, алар менен сыймыктанабыз. Мындай мекендештерибиз кийинки муунга, жаштарга чоң түрткү, дем-күч болуп, алдыга умтулууга жетелейт.

Мен сөзүмдү Эгемендигибиздин 32 жылдыгына карата көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер аталарыбыз Абды Сүйөркулов, Иса Ахунбаев жана Насирдин Исановго Кыргыз Республикасынын Баатыры, Түмөнбай Байзаковго “Эмгек Баатыры” деген жогорку наамдарды ыйгаруу боюнча чыгарган Жарлыктарыман баштоону эп көрүп олтурам. Чындыгында эле бул ысымдар мүлдө кыргыз журтчулугуна кеңири белгилүү экени талашсыз. Жогоруда айтканымдай, ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстандын жүзүн, тагдырын, болмушун аныктай турган, жаркын келечекке багыттай турган өмүрү өрнөк инсандар – дал ушул аталарыбыз.

Алтын колдуу хирург Иса Коноевич Ахунбаев тууралуу ары узак дагы, ары кызыктуу дагы кеп кылса болот. Себеби, алгачкы операциясынан тартып, атак-даңк күткөндө дагы бейтаптарга боорукер, камкор мамиле кылгандыгы, алгач анын бийик адамгерчилик сапатынан кабар берип турат.

Ал эми таланттуу дарыгердин илимий эмгектеринин натыйжасы дүйнөлүк медицинанын баа жеткис байлыгына айлангандыгын анын шакирттери дайым эскерип келишет. Сапатка катуу көңүл бурган СССР маалында Ахунбаевди, ошол кездеги жаш окумуштууну Илимдер академиясынын биринчи президенти кылып бекеринен дайындабаса керек.

Богок оорусун айыктыруудагы эмгеги, кыргыз кардиохирургиясын түптөөдөгү орду жана башка эмгектери аны көзү тирүүсүндө эле легендага айландырган. Легендага айланган улуу инсандын балдары, неберелеринин көбү медицинаны тандап, таман акы, маңдай тердин натыйжасында Ахунбаевдердин династиясы жаралган.

Кезинде мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын басып өтүп, Соода министри, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы, Министрлер Кеңешинин төрагасына чейин жеткен Абды Сүйөркуловдун эмгеги далайга даңкталаары турган иш.

Өкмөт башында турган мезгилде Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ачтырып, бир катар өнөр жай ишканаларды курдурган. Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алгандыгы эле канча сөз кылууга арзыйт.

Кыргыз элинин таалайына жаралган Насирдин Исанов таланттуу жетекчи жана темирдей эрки бекем инсан катары өлкөбүздүн ар кандай тармактарында: мамлекеттик саясатта, курулушта, илимде, экономикада из кылтырды. Ал Эгемен Кыргызстандын Өкмөтүн жетектеген алгачкы Премьер-министр катары бир, “Кумтөр” алтын кени маселесинин кыргыз элинин кызыкчылыгына чечүүдө бекем позицияны карманып, өмүрүн берген мекенчилдиги менен экинчи ирет тарыхта калды.

Жамы кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк таап, экинчи гимн катары ырдалып келаткан айтылуу “Кыргыз жерин” жараткан кыргыз элине белгилүү акын, котормочу Түмөнбай Байзаковго “Эмгек баатыры” наамынын берилиши дагы элибиздин руханий көрөңгөсүн байытууга зор салым кошуп, адабият, маданият чөйрөсүндө өзүнүн орду бар чыгаан инсандардын эмгегин баалоо десек жаңылышпаймын", - деди президент.