УКМК жана ИИМдин КИББнын Чүй жана Талас облусунун УКККБнын бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Таласта төрт жаранды коркутуп сабагандарды кармашты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 31-августтан 1-сентябрга караган түнү ватсап тиркемеси аркылуу интернет булактарына белгисиз жарандарды “оштуктар өтпөй калат бул жолдон” деп коркутуп жаткан видео тараган.

Видеодо беттери кан болуп, аларды Ош облусунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү оюнунун аягында болгон чатакты себеп кылып, белгисиз жарандар 4 адамды коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтык-электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошол замат, Талас ОИИБдин жана облустук ШРИИБдин өздүк курамы толугу менен көтөрүлүп, Манас районунун Чоң-Капка чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы автожолунда атайын посттор коюлган.

Талас ОИИБдин, ИИМдин КИББнын Чүй жана Талас облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК менен биргеликте ыкчам иш алып барууларынын негизинде окуяга тийиштүү жарандар аныкталган. Видеодо беттери кан болуп турган 4 жаран Ош облусунун тургундары экени, алар “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү автоунаа менен Россия Федерациясынан чыгып, Казакстан Республикасынан өтүп, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолу аркылуу Ош облусуна кетип бара жаткандары аныкталган.

Бүгүн 1-сентябрь күнү жарандарды коркутуп сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө алып келинди.

Алар Талас облусунун 1995-ж.т. М.уулу Н, Р.Б., К.уулу Ш., А.А., Р.Б. экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча КРнын КЖКнын 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.