«Тик-Ток» социалдык түйүнү аркылуу Ош шаарынын тургунунун коӊшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге кайрылуу жолдогону кечээ, 17-августта белгилүү болгон. 

Мындан улам териштирүү башталып, кайрылуудагы жаран Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну экени  белгилүү болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти. 

Кайрылуусун жарыялагандан кийин аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келишип, эмне себептен кайрылуу жасаганын сурашкан. Ошонун менен бирге кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо үчүн Ош шаарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш чаралар аткарыла баштады.

Ошондой эле кайрылуу жолдогон жарандын кайрылуусу, сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет.