Кыргыз аябай айкөл, бат унуткан эл экенбиз. Байлыгыбызды уурдап, бизге кошуп балдарыбыздын ырыскысын жеген акмактарды эстен чыгарып коебуз. 

Сапар Исаков деген сары бала Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турганда, “РусГидро” деген россиялык чоң компания менен Нарын дарыясына ГЭС курууга келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстанга 37 миллион доллар жумшап, бирок ГЭС тургай туалет дагы курулбай калган. 

Себеби Сапар Исаков жумуш баштала электе эле “РусГидро” менен келишимди бузуп, анын ордуна “Лигласс трейдинг” деген чехиялык компанияны алып келип, аны менен келишим түзөт. Алып келген компаниясы аты бар, заты жок афера болуп чыккан. Ага бүт кыргыз эли күбө болду. 

Келишим токтогон “РусГидро” компаниясы инвестиция кылган 37 миллион доллар белгисиз жоголгон. Тактап айтканда Сапар Исаковдун чөнтөгүнө кеткен. Сары балабыз болсо 2020-жылдагы баш аламандык учурунда куйрук түйүп качып кетти, учурда Москвада жашынып жүрөт. Учуру келсе саясатка кайтып келем деген кыялдары бар имиш. Саясатты кой, Кыргызстанга баш бага турган болсо, ТЭЦтен уурдалган 111 млн доллар, Музейдеги жыгач аттар, 600 долларлык кычкачтар, ГЭСтен уурдаган 37 млн доллардын сурагы бар. 

Башкасын коюп, ГЭС курууга келген 37 миллион долларды эле салыштырып караганда, 37 заманбап мектеп курулмак. Исаков уурдап качып кетти, карыз элдин мойнуна илинди.

(Соцтармактардан алынды)