Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кечээ, 3-августта КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев, Башкармалыктын өздүк курамы жана ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кызматкерлерди КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бар бардык талаптарга жооп берген керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган.