- Акылбек Жапаровдун мугалимдер өздөрү сабак берген предметтен экзамен берсин дегени колдоого ала турган демилгеби?

- Ооба, «бермейдин алмайы» бар деген кеп бар эмеспи. Ошондуктан азыр Акылбек Усенбекович каражат таап көп тармактардагы кызматкерлердин айлыктарын көтөрүп жаткандан кийин, эми алардан ишинин натыйжалуулугун талап кылганы эң туура. Мен, Кабминдин төрагасынын мугалимдерден экзамен же аттестациядан өткөрүү жөнүндө талабын колдойм. Бирок мугалимдерден ата-энелер экзамен алсын деген жерине караманча каршымын. Мугалимдерди ата-энелердин алдына байлап берген болбойт! Ооба, билимсиз мугалимдер толтура. Азар мезгил талап башка, ошондуктан чала сабат адистерден биз толук арылышыбыз керек. «Ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле»- билимсиз мугалимдерди аяп кармап отурганыбыз бул келечеке чыккынчылык кылганыбыз!

Бир окуя: мындан көп жыл мурун болгон. Ал кезде мен райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы кезим. Геофакты жаңы бүткөн жаш жигит жумушка орношкону келиптир, карасам шыпылдап деле тың. Анан сынап көрөйүнчү деп, «глобусту билесиңби» десем, билем дейт. «Билсең ошондогу каршы-терши сызыктар бар ал эмне сызыктар»,- десем. Жооп «НОЛЬ». Жанымдын кашайганын сурабагыла, дипломун алып туруп «жогол»,- деп ыргытып ийип кабинеттен кууп чыккам. Ошол боюнча ал жигит жологон жок. Эй досторум, элдин миң элегинен өтүп келип, Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандардын дипломдору жасалма болуп аткандан кийин, калганын айтпай эле коёюн!

Акылбек иним туура айтат «чексиздик» белгисин «жыгылган сегиз» деп окуткан мугалимдердин бардыгы да чын. 

Аттестация системасы мурун деле бар болчу эми ошону кайра системалаштырып кайра киргизүү мезгил талабы. Бир сөз менен айтканда мен мугалимдердин билимин баалап туура баа берүү саясатын толук колдойм!