- Алтын Капалова матчество маселесин демилгелегенден бери коомдо түрдүү кептер айтылууда. Бири анын аракетин колдоду делген Конституциялык сотту сындаса, бири жактап жатат. Эгер матчество мыйзамы кабыл алынып кетсе, кыргыздын текти, өздүгүн  аныктаган кодун-өзөгүн кыйратабы?

- Илгертен кыргыздар ата тегин, кайсы уруудан экенин атасы аркылуу изилдеп, киндигин, өздүгүн аныкташкан. Ал жазылбаган, жазылган мыйзам болуп келген. Өзүн жазуучумун деп  атаган Капалова азыркынын же тагыраак айтканда, эгемендиктин туундусу. Күйөөсүнө катуу ызаланып, учур замандын жана чет элдик жорук -жосунду мыкты өздөштүрүп ( анын түшүмүн жеп жүргөн), бардык жактан изилдеп үйрөнүп, аны кыргыз коомуна киргизүүгө жан үрөгөндөрдүн бири. Ушуга чейинки жасаган иштери далилдеп турат. Анын демилгесин колдогон Конституциялык соттун жолу болсун! Муну кайра карап, ал чечимди жокко чыгаруу керек. Антпесе, зор табийгаттын өзүнө каршы чыккандык болот. А табийгаттын мыйзамы эч кимди аябайт. Азыр, башынан токтотуу керек, коомдун протестти эске алуу керек. Эс - акылдуу кыргыз коому матчествону колдобойт. Капалованын керт башындагы зарылдык өз башы менен кетсин! 

- Анткениңиз менен матчество маселеси эркектердин жоопкерчилигин ойготот дегендер да чыгып жатат го?..

- Матчествону  кабыл алуу менен эркектердин жоопкерчиликсиздигин токтото албайбыз. Арсыз эркектер ага карайбы? Өз канынан бүткөн баланы таштаганга барган эркек мыйзамды тоготобу? Эгемендиктин жакшы жагы менен кошо батыштын сасыган саркындылары кошо кирди. Аны токтотууга, коомду тазалоого дале болсо мыкты аял- энелер аракет кылып жатат.
 Матчество алгандын зыяндуу жагы бир жыныстардын үйлөнүшүнө жолду дагы кеңири ачабы деген кооптонуу күчтүү. Анын үстүнө акыл-эси биротоло калыптана элек жаштарга жаман жөрөлгө болмогу да бар. Деги матчество деген шумурай шумдук жосунду жокко чыгара турган мыйзамды тез кабыл алуу керек. Бул маселеде сөзсүз бийликтин катышы керектелет.