21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Демилгечилер – депутаттар Акаев Ж.К., Кадырбеков Н., Маматалиев М.А., Алимжанова Н.Я.
Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, аталган мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 21-беренесине өзгөртүү киргизүүнү карайт.
Тагыраагы, судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун катчылыктарында, Жогорку Кеңештин Аппаратынын комитеттеринин бардык бөлүмдөрүндө иштеген жогорку юридикалык билими бар кызматкерлердин иш убактысын юридикалык кесип боюнча иш стажы катары эсепке алуу сунушталып жатат.
Андан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Аны Кыргыз Республикасынын Жогорку соту демилгелеген.
Мыйзам долбоорунда тѳмѳнкүлѳр каралган: КРнын Жоруктар жөнүндө кодекси күчүн жоготту деп табылгандыгына байланыштуу “жана жоруктар жөнүндө иштер” деген сөздөрдү алып салуу; КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 547- жана 554-беренелерине шайкеш келтирүүдө мыйзам долбоорунун 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндоону: “1) Жогорку соттун соттук коллегияларынын соттук жыйналыштарында төрагалык кылат же соттук коллегиянын судьяларынын ичинен төрагалык кылуучуну дайындайт", “жоруктар” деген сөздү “укук бузуулар” деген сөздѳргѳ алмаштыруу сунушталат.
Талкуу маалында депутаттар сот чечимдеринин адилеттүүлүгүн жогорулатуу, сот бийлигинин негизги принциптеринин сакталышы боюнча бир катар маселелерге токтолушту.