Медициналык-социалдык экспертизалык борбор эми бир гана областтар аралык гана эмес, райондор аралык деңгээлдеги иштерин да жолго коёт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Шапараткан Мажитова "Парламент" радиосуна берген маегинде айтты.

"Болбосо, ансыз да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар канчалаган алыс жолдорду басып, майыптыгын далилдеген комиссиянын корутундусун алуу үчүн убара болуп Бишкек, Кара-Суу шаарларына барып көп түйшүк тартышууда.

Шайлоочулардан келген каттар, эл менен болгон жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин бир тобу ден соолук темасына байланыштуу.  Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча майыптык алган адамдар кайра-кайра медициналык кароодон өтүп, саламаттыгын толук кандуу калыбына келтирип алсам деген чоң үмүттө. Бирок, алардын абалы эки ортодо убара тарткандыктан убайымга салып отурат", - деди.

"Балдар арасында да тубаса майып төрөлгөндөр көп. Бирок, аларды тейлей турган МСЭКтерде педиатр врачтар дээрлик жок.  Кадрлардын тартыштыгы жоюлуп, аталган комиссия калыс иш алып барышы керек. Тагдырдын сыноосуна кабылган бул категориядан каражат үмүт кылып, коррупцияга жол берилген жокпу? Мындай абал аналитикалык жактан анализденүүгө тийиш", - деп белгиледи Мажитова.

Депутат ошондой эле медициналык-социалдык экспертизалык борборлорду жеке менчигиндей муундан-муунга мурастап алганга эч кимдин акысы жок экендигин айтып, жакында аталган тармакты реформалоо багытында көп иштер жасала тургандыгын билдирди.