Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан радикалдуу диний агымдардын жактоочуларынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган ЭТУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар, издөөдө жүргөн жарандар, анын ичинде коңшу мамлекеттердин жарандары аныкталды.
Алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 256-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Анын негизинде 2023-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү жана алардын байланыштагы адамдардын жашаган жерлери боюнча санкцияланган издөө иш-чаралар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында чет мамлекеттердин айрым жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүрүшү боюнча материалдар алынды. Ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар диний билимге тартылып, мыйзамсыз иштеп жаткан хужранын ишмердүүлүгү аныкталды.
Учурда алардын бири М.У.Н. аттуу жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, калган адамдарга карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.