Бир жыл мурда Токмокто болгон окуянын айыпталуучусуна карата сот чечимин чыгарды. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Анда айтылгандай, буга чейин С.М.Жумакуловго карата КР Кылмыш жаза кодексинин "киши өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган.
Бирок жактоочулардын үзүрлүү эмгегинен кийин сотто кошумча күбөлөр суралган жана комиссиялык психологиялык экспертиза өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында, Чүй райондук соту ушул жылдын 19-июнунда Жумакуловдун ишин "аффект абалында киши өлтүрүү" беренесине которгон. Ал 3 жылга эркинен ажыратылды жана жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөмөй болду.
Эске салсак, 2022-жылдын 1-июлунда таң эрте Бишкектеги жумушуна келаткан кызды таксист зордуктоого аракеттенген. Кыз бир тууган агасына телефон чалууга үлгүргөн. Окуя болгон жерге убагында жетип келген киши таксистти атып таштаган.