Токмок шаардык кеңештин экс-депутаты Кайрат Чокеевге козголгон кылмыш иштин материалдары Аламүдүн сотунан Токмок шаардык сотуна өттү. Бул тууралуу Чүй облустук соту билдирген.

Анла айтылгандай, 10-майда Аламүдүн райондук соту Чокеевдин иш материалдарын аймагы боюнча кароо үчүн Токмок шаардык сотуна жөнөткөн.

Кайрат Чокеев 9-мартта кармалган. Ал Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин тууганы экени айтылган. Кылмыш иши "бейбаштык" беренеси боюнча козголгон.