Бүгүн, 2023-жылдын 12-июнунда «Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан Бишкекке биринчи каттамдын ачылышынын салтанаттуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш чарада «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, бул каттам эки борбор шаар – Бишкек менен Сеулдун ортосундагы байланышты бекемдеп гана тим болбостон, Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө да чоң салым кошмокчу.
«Жаңы каттам өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода мамилелеринин өнүгүшүнө салым кошуп тим болбостон, экономикада жана соода-сатыкта дагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Ыңгайлуу графиктин жана сапаттуу тейлөөнүн аркасында ишкерлер жаңы бизнес байланыштарды түзүп, оңой жана тез саякатка чыга алышат», - деди ал.
Ал кошумчалагандай, «МЭА» ААК, авиакомпания жана Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Өкмөттөр аралык кызматташуусунун арты менен бул каттам ачылды.
Өз кезегинде КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов бул каттам көптөн бери сүйлөшүү, даярдыктардын негизинде ачылганын айтты.
«Бул авиакаттамдын ачылышы биздин инвестициялык жана экономикалык долбоорлорубуздун алдыга жылышын билдирет. Учурда биз менен бир нече ири кореялык компаниялар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Жеке мен муну Борбор Азиядагы экономикалык кереметтин жаңы доору катары карайм», - деп баса белгиледи ал.
▫️Ошондой эле, T'way Air авиакомпаниясынын башкы директору Джон Хонг Гын түз каттамдар үчүн колдонулган учак сапаттуу учак экенин айтып, учактагы орундардын саны 189 экенин белгиледи.
«Биз азыр жумасына бир каттам менен баштайбыз, пландарыбызда Сеул-Бишкек багыты боюнча жумасы на үч каттамга чейин кеңейтүү. Туристтер үчүн каттамдарды көбөйтүүнү пландап жатабыз, анткени Кыргызстан Түштүк Кореяда жаратылышы менен абдан белгилүү. Мисалы Кореяда туризмдин тоо треккинг турлары абдан белгилүү», - деди ал.
Иш-чарага «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы – Манасбек Самидинов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чжэ, T'way Air авиакомпаниясынын башкы директору Джон Хонг Гын, Фейворс компаниясынын президенти Мин Бенг До ж.б. коноктор катышышты.
Эсиңиздерге салсак, 2023-жылдын 11-июнунда авиакомпаниянын биринчи каттамынын учагын суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөн.