КР УКМК тарабынан  Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди. 

Маалыматка караганда, түшүндүрүү иштеринин алкагында, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» ДЭКнун мүчөлөрү тарабынан экстремисттик уюм түзүү фактысы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголкон кылмыштын негизинде, 2023-жылдын 9-июнунда диний-экстремисттик кыймылдын 12 активдүү мүчөлөрү жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында экстремисттик мүнөздөгү тыюу салынган материалдардын олуттуу көлөмү табылып алынды. Ошондой эле 15 жаран ИИБ жеткирилип, алардын Г.Ю. аттуу башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам- тергөө иш-чаралары уланууда.