Ушул жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагы аркылуу Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран КР УКМКнын төрагасына кайрылуу жолдогон. Анда жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнгөн.
Николай Дядкиндин кайрылуусуна караганда, ал ата-энесинен эрте ажыраган жана чыныгы атын билбегендигине байланыштуу өздүгүн аныктаган документ ала алган эмес.
Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүштү. Келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде, анын улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды. Учурда аталган жаран үй-бүлөлүү, бир кызы бар.
2023-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун жеке өзү Николай Николаевич Казейкинге тапшырды.