Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат жолунун курулушун жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. 

Анда айтылгандай, жолдун курулушу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө жүктөлгөн. 

Узундугу 15 чакырым болгон жол ушул жылдын 1-сентябрына чейин курулуп бүтүшү керек. 

Эске салсак, акыркы учурда соцтармактарда Ноокат жолу көбүрөөк айтыла баштаган. Нечен жылдан бери оңдоого муктаж жол буга чейинки өлкө жетекчилеринин көз кырында калып келген. Жакында эле депутат Айбек Осмонов донорлор 110 миллион доллар бөлгөнүнө карабай, беш жылдан бери Ноокат жолун курууга Транспорт министрлиги тендер өткөрбөй жатканын билдирген.