Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 26-октябрындагы чечимин аткаруу болуп саналат. Мыйзамдын долбоору жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин мотивдик бөлүгүндө козголгон маселени чечүүгө багытталган.

Мында 48 сааттын ичинде жогору турган сот тарабынан камакка алуу жөнүндө соттун токтомун кайра кароонун өзгөчө тартиби каралган.