Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мурда дарыланууга муктаж болгон Маматкалыев Дайырбек Кыялбекович менен жолугушту. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

30-майда Камчыбек Ташиев  Индияда сөөк чучугун трансплантациялоо операциясынан өткөн Дайырбек Кыялбекович Маматкалыевдин ата-энеси менен жолугушту.

Буга чейин химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Д.Маматкалыев Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Д.Маматкалыевдин ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында КР УКМК башчысы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында КР УКМК Д.Маматкалыевди (жана анын ата-энесин) жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана “Фортис” клиникасында (Индиянын Гаутамбуднахар округу, Юттар Пардеш штаты, Нойда шаарында) операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн. 

Операциядан өткөндөн кийин, 2023-жылдын 29-майында Д.Маматкалыевдин үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевге жеке жолугушууну суранган.

2023-жылдын 30-майындагы жолугушууда Д.Маматкалыевдин ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери көрсөтүлгөн дартынан (анын ичинде билим берүү мекемелерине бара албагандыктан) кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.  

Дарылоо планына ылайык, Д.Маматкалыев белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, ага байланыштуу генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин (Бишкекте жайгашуу, тесттин жыйынтыгын тапшыруу жана жөнөтүү), анын ичинде Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди.