Кыргыз Республикасынын

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары,

КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы,

генерал-лейтенант  К.Ташиевге

Кайрылуу

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Сизге Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын дарыгерлер жамааты аргасыздан, акыркы үмүт менен кайрылууга мажбур болуп жатабыз.

Маселенин чоо-жайы төмөнкүдөй: 2019-жылы Баткен аймактык милдеттүү мидициналык камсыздандыруу фондунун директору Камчы уулу Кубанычбек менен Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жана облустук стоматологиясынын дарыгерлер жамаатынын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Буга Камчы уулу Кубанычбектин ооруканалардын директорлоруна, катардагы дарыгерлерге дайыма үстөмдүк жасап, одоно мамиле жасагандыгы себеп болгон. Буга байланыштуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызматтык териштирүү жүрүп, К.Камчы уулу кызматтан кеткен болчу.

Бирок, ошол эле жылы Камчы уулу Кубанычбек Республикалык медициналык фондунун жетекчисинин буйругу менен Ысык-Көл облустук аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна директор болсун деп буйрук чыккан. Анткен менен, Ысык-Көл облустук камсыздандыруу фондунун жана дарыгерлердин жамааты кабыл албай коюп, буйрукту чакыртып алууга аргасыз болушкан.

Ошентсе да, жолун таап, ара-чолодо Кочкор районуна аким болуп дайындалып, ал жакта да иштей албай, жумуштан куулган.

Эми кайрадан, бизге - Баткен облусунун медициналык камсыздандыруу фондуна директорлук ордуна буйрук алып келди. К.камчы уулу кайсы моралдык укугу менен кайра Баткенге келди? Биз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын дарыгерлер жамааты аны менен иштеше албайбыз, ошондуктан кырктан ашуун адистер өз ыктыярыбыз менен арыз жазып, жумуштан кетүүнү чечтик.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Баткен обласына сиз өзгөчө көңүл буруп келе жатасыз, бул жактагы кырдаалды жакшы билесиз. Ошондуктан, Сизден жамаат кабыл албай жаткан, бул кызматка келүүгө моралдык да, башка да укугу жок жетекчиден бизди куткартып берүүңүздү суранабыз.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын эмгек жамааты

(Арыз жазган дарыгерлердин тизмеси тиркелет)