Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевге "депутат эмес, иниси катары" кайрылды.
"Бул дүйнөгө келген ар бир адам Жаратканга гана сыйынышы керек. Бирок биздин өлкөдө сыйына турчу адамдар пайда болуп калыптыр. Айрым адамдарга жерге түшкүлө дегим келет. Прокуратура тууралуу айтайын деп атам. Биз Ысык-Көлгө комиссия болуп бардык, бир жума мурда бардык маморгандардын өкүлдөрүнүн катышуусун суранып кат жөнөткөнбүз. Анткени ал жакта 95 балдар пансионаты жана курорт сатылып кеткен. Облустун прокурору да, анын орун басары да келбеди. Бишкектен фракциянын бардык депутаттары барышты, а булар Чолпон-Атада туруп келбей коюшту. Бир райондун прокурору келди дагы бардык райондор үчүн жооп бере турганын айтты.
Ушул эле комиссия Базар - Коргон районуна да бардык. Депутаттык сурамжылоо жөнөткөнүбүздөн бери бир ай өткөн, жооп алган эмеспиз. Аламүдүнгө бардык, ал жакта балдардын эс алуу борбору курула турган 6 гектар жер сатылып кеткен. Прокурор келди дагы 5 мүнөттөн соң кетип баратат. Кайда баратасың десек, башкы прокурор чакырып атат деди да кетип калды. Аларга башкы прокурорго эстелик тургузуп, ага сыйынуу эле калыптыр", - деди Атазов.
Андан ары Зулушевге кайрылды:
"Курманкул Токторалиевич, мен сизге депутат эмес, ини катары кайрылып жатам. Айланаңызды тазалаңыз! Көз боемочулук боюнча кандай иш козголбосун Башкы прокуратурадан чыкпай калып атат. Курман Таштанбеков деген орун басарыңыз отчетке чейин күнүнө эки жолу чалып турчу эле, азыр телефонду албай жатат.
УКМК сурамжылоолорго дароо жооп берет, Башкы прокуратура андай кылбайт", - деди Шайлообек Атазов.