Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тилинде туура жазуу зарылдыгын белгиледи. 

Ал жарнама боюнча мыйзам долбоорун талкуулоого чакырылган аткаминерлер кыргызча аты-жөндөрдү туура эмес окуп жатышканын айтты. 

"Силерге кеңеш берип коеюн. Кыргызча ысымды, фамилияны, атасынын ысымын туура жазуу керек. Мен азыр мыйзам долбоорунда кандай жазылганын окуп берейин.

Мына, мисалы, Дүйшөнкулович Дуйшенкулович деп жазылыптыр. Кыргызча туура жазгыла. Качан эле биздин Дүйшөнкул Дуйшенкул болуп калды эле. Нурдоолот Сатыбекович деп турат - бул Нурдөөлөт. Карасартов Алмазбек Оганович. Оган деген жок, Ооган. Кийизбаева Жазгуль Иличевна. Жазгүл. Кыргыз фамилияларын мазактабагыла", - деди.