Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында нааразылык акциясы өттү.

Ал жерге 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары чогулду. Алар кыргыз коомчулугуна жана бийликке кайрылуу жолдоп, мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин билдиришти.

Алар адам өмүрү кыйылган окуяларга себепкер болгондорду мыйзам алдында жоопко тартып, камакка алынышын талап кылышкан. Мындан сырткары, бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен маек уюштурган УТРКнын журналисти, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевге нааразылыгын билдиришкен.

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени талкуу жаратууда.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдиргенден кийин бир катар студенттер нааразылыгын билдирип кайрылуу жасады. Ушундан кийин анын үч жерде белгиленген дарсы болбой турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.