УТРКда автордук көрсөтүүсүн алып барган журналист Кадыр Кошалиев өз арызы менен жумуштан кетти. Бул тууралуу УТРК билдирди.

Эске салсак, Курманбек Бакиевден маек алып, интернетке чыгарган. Бул аракети коомчулуктун сынына кабылган. Мындан улам анын аракеттери боюнча УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзө баштаган.

Кадыр Кошалиев  комиссиянын корутундусу чыга электе корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында УТРКдан кабарлашты.

Буга чейин УТРК маек жетекчилик менен макулдашылбай, журналисттин жеке демилгеси менен алынганын билдирген. Ал маек эфирге кеткен эмес жана кетирүү планда болбогон.