Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия өз ишин баштады.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан бир катар курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү.
Алар:
- Орто-Сай айылындагы контур 5 дарегиндеги "Авангард сити" көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, "Авангард Стиль" ЖЧКсы;
- Токомбаев көчөсүндөгү 15/2 дарегиндеги "Елисей талаалары" жер астындагы автопаркинги менен турак жай комплекси, "Авангард Стиль" ЖЧКсы;
- Токомбаев көчөсү 15 дарегиндеги жер астындагы автопаркинг менен 14 кабаттуу турак жай комплекси, "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы.
Ведомстволор аралык комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун текшерет. Ошондой эле курулуш объекттеринде бетондун бекемдиги, арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугу текшерилди.