Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстандын жогорку окуу жайына лекция окушу тууралуу маселе көтөрүлдү.
Депутат Аида Исатбек кызы учурдагы студент муундун келечегин уурдап, коррупцияга баткан жана качып кеткен мурдагы президенттин лекция окушуна саясий чечим жана колдоо кереги бары-жогун министр Каныбек Иманалиевден сурады.
Билим берүү жана илим министри Иманалиев министрлик мурдагы президентти чакырбаганын белгиледи.
"Эгер жогорку окуу жайлардын ректорлору чакырса, бул алардын чечими. Бирок ал Кыргызстандын коомдук-саясий жашоосун дестабилизациялабашы керек", - деди.
Ошондой эле Акаев тууралуу пикирлер кайчы келээрин да эске салды.
"Мен мамлекеттик кызматкермин жана мыйзамга баш ийем. Ал кишиге лекция окууга укуктук негизде тыюу салынган эмес. Эгерде кандайдыр бир саясий провокация жана чыңалуу орун алса, анда ал үчүн ар бир ректор өзү жооп берет", - деп билдирди.
Ошондой эле мурдагы президент менен кызматташпай турганын кошумчалады.
Эске салсак, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетине Аскар Акаев лекция окуй турганы белгилүү болгон. Бирок студенттер каршы чыгышып, ректор бүгүн лекцияны болтурбоо чечимин кабыл алды.