Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик валюта банкнотторун ташуу боюнча туруктуу каналы аныкталды. Бул Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү линиясында кылмышкерлерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында болду.

"17-майда УКМК Каржы Министрлигине караштуу Мамлекеттик баажы кызматынын ыкчам бажысы менен өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, "Ош-Аэропорт" өткөрүү пунктунан өтүүгө аракет кылган 1986-жылы туулган Түркия Республикасынан келген эки чет элдик жаран А.Ф.Ш., жана 1988-ж.т. Н.Ш.Ш. кармалды. Аларды тинтүү учурунда 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма чет элдик валюталар табылган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.