КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун кызматкерлеринен мыйзамсыз жөлөк пул алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, атайын кызмат аталган медициналык борборундагы жетекчинин жана кызматкерлердин  эмгек акысына мыйзамсыз үстөк кошуп эсептөө фактыларын аныктаган.

Алсак, аталган саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча акыларды белгилөө тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттары бар иштердин (оор жумуштар, эмгектин зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө шарттары бар жумуштар) түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу өзгөчө климаттык шарттар менен иштөө)» туралуу 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258-токтомуна таянуу менен, зыян келтиргендиги үчүн эмгек акысынын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы алышкан. Бирок тиешелүү ченем 2022-жылдын август айында күчүн жоготкон.

Мындан тышкары аталган мекеменин жетекчилиги КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январдагы №13 «Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө» токтомуна таянып, эмгек акысын 5 пайыз өлчөмүндө үстөк акы алып турган, ал токтом 2022-жылдын мартында күчүн жоготкон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган.