Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Т.М.О. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, тинтүү учурунда которулган акча каражаттары толугу менен Т.М.О.нун иш бөлмөсүнөн табылды жана алардын баары документтештирилди.

"Бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бирине кызматка кирүүнү көздөгөн А.Э.М. аттуу жарандан улук жардамчы  120 миң сом акча талап кылган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.