Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгына караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Натыйжада, 13-майда КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жана граждандык курулуш департаментинин алдындагы Нарын райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
«ГлавПроектСтрой» ЖЧКсы тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунун Төлөк айылындагы орто мектептин спорт залы курулуш нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу менен курулганына карабастан, 2019-жылы Нарын Капиталдык курулуш башкармасынын жооптуу кызматкерлери бул объектти курулуш нормаларына ылайык деп пайдаланууга кабыл алышкан.
Нарын Капиталдык курулуш башкармасы менен «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн 8 млн 465 миң 306 сомго келишимге ылайык, спорт залдын курулушу 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Бирок иш жүзүндө Нарын Капиталдык курулуш башкармасы көрсөтүлгөн мөөнөттө подрядчыга 9 миллион 774 миң 768 сом которгон.
Соттук-курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 400 миң сомго жакынды түзгөн.
Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.