Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштери токтотулду. Бул УКМК тарабынан мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталды. 

Маалыматка караганда, Талас шаарындагы тигүү фабрикасын куруу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүү жана «Ника KG» курулуш компаниясынын эсебине 25 миллион сом мыйзамсыз которуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү  (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголгон. 

2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан 14.10.2021-жылдагы №220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун” долбоордук-сметалык документтери жок талаптарын бузуу менен жана Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуларды чыгарып, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоор жактырылган. 

2022-жылдын октябрь айында Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мамлекеттик тендерлердин жыйынтыгы боюнча текстиль фабрикасын курууга «Ника KG» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.

Ушул эле жылдын 17-октябрында №44 келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100 пайыз акча каражаты которулушу керек болчу. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т.нын көрсөтмөсү боюнча мурдагы Талас облусу боюнча КР Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Н. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон. Анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, «откат» иретинде акча каржатын алышкан.

Ушуга байланыштуу, каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо үчүн КР УКМК Мамлекеттик архитектура агенттигинин квалификациялуу адистери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы долбоорлоо-сметалык документтерге салыштырма талдоо жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында курулуштун баштапкы этабында иш жүзүндө аткарылган иштердин долбоордон 7 миллион сомдон ашык (7 038 265 сом) четтөөлөрү аныкталган.

2023-жылдын 18-майында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында төмөнкүлөр кармалган:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Б.Н.;
- Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А.;
- Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т.;
- Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы С.С.О.;
- «Ника КГ» ЖЧКнын өкүлү, А.у.А.

Бул адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.