Жумуш учурунда каза тапкан кызматкердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө бир гана прокуратура кызматкерлерине тиешелүү эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди. 

"Эмгек кодексинин 252-беренесинде багуучусунан ажыраган тарапка жумуш берүүчү бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөп берет деп жазылган. Анын көлөмү каза тапкан адамдын жыйырма жылдык орточо айлык акысына ылайык аныкталат. Бул норма прокуратура тууралуу мыйзамда да көрсөтүлгөн", - деди Осмонов. 

Айтымында, бул бир гана прокуратурага эмес, кызматтык милдетин аткарып жатып каза тапкан бардык тармактын кызматкерлерине таандык. 

Эске салсак, 15-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Чаткал районунун каза тапкан прокурорунун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом кенемте төлөнөөрү белгилүү болгон. 

Президент Садыр Жапаров кенемте боюнча маселени кайра карап чыгууну тапшырганы бүгүн, 17-майда белгилүү болду.