Ушул жылдын 27-апрелинде сымапты мыйзамсыз сатууга аракеттенген жаран кармалган. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 17-майда маалымат таратты.
Анда айтылгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси ("Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Л.Ш.А. сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Андан 5 кг коркунучтуу 1-класстагы уулуу зат табылып алынган.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан КР аймагында жайгашкан кылмышка шериктештерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.