Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу терорист жок кылынды. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.
Кылмышкердик кармоо операциясына ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери тартылган. Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар.
"Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
Бул атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Алардын бири амбулатордук турдө дарыланат, а экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылат. Окуя болгон жерде тез жардам кызматынын 4 бригадасы күзөттө турат.