Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 18-майда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов - темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.