Бүгүн, 16-майда капиталдык оңдоодон кийин КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамы, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлер катышты.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган жана иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет.
Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМК кызматкерлерине мындан ары да мамлекеттин бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө турганын белгиледи.


