Акыйкатчы кызматына Урмат Аралбаевдин талапкерлигин аталган институттун эмгек жамааты көрсөттү. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго кайрылышканын билдиришти. 

Урмат Аралбаев 42 жашта. Юридикалык илимдердин кандидаты, жогорку юридикалык билими бар, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чини бар. 2003-жылдан бери Акыйкатчы аппаратында иштеп, укуктук экспертиза бөлүмүн жетектейт.

Эске салсак, Акыйкатчылыкка "Ишеним" фракциясы Канымбү Карабаеванын, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Жамиля Жаманбаеваны талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми Мирлан Жээнчороев талапкер болуудан баш тарткан.