КР УКМК тарабынан “Эркечтам-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз ташып өтүү үчүн, чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, системалуу түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген “Д” ЖЧКсынын жана “А” АКсынын мыйзамсыз иштери токтотулду. 

Бул тууралуу атайын кызмат билдирди. 

Маалыматка караганда, жогоруда аталган схема ишкерчиликтин бир түрү катары иш алып барган. Ишмердүүлүгү - айдоочулардан кезекке туруу үчүн 1000 сомдон “Д” ЖЧКсы менен “А” АКга мажбурлап алып турушкан. Акча берген  айдоочуларга “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Ошол эле убакта  контейнерлерди жана жабдууларды кайра жүктөө үчүн крандарды колдонушса кошумча 100 доллар төлөгөнгө аргасыз болушкан. 

Коррупциялык схеманы жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жүк ташууну көбөйтүүгө, жүк ташуу наркын төмөндөтүүгө жана жогоруда аталган субъекттер тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн монополиялык шарттарды жоюуга мүмкүндүк берди. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.

УКМК министрликтерде, ведомстволордо жана мамлекеттик мекемелерде коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.