Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңештине депутаттыкка талапкерлигин койгондордун дагы экөөсү талапкер болуудан баш тартышты. Бул тууралуу БШК билдирди.

Бул сапар шайлоого катышуудан Асылбек Кадралиев жана Азамат Медеров баш тартышкан.

Талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктаган. Шайлоо 28-майда өткөрүлөт. Учурда 30 талапкер бар.