Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштоого аракет кылган кыз аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Свердлов ИИБи билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган милиция башкармалыгына 2004-жылы туулган кыз көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан боюн таштоого аракеттенип жатканы тууралуу кабар келген. Кыз көп кабаттуу үйдүн терезесин сүрөткө тартып, өз жанын кыя турганын айтып, апасына билдирүү жөнөткөн.

Милиция кызматкерлери өз убагында айтылган жерди аныктап барышып, кызды куткарып калышты.