“Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба буба” аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба буба” аккаунтунун ээси, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровдун активдүү колдоочусу Чүй облусунун Москва районунда Кыргыз Республикасынын жараны 15.01.1974-ж.т.  Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча шектелүүдө.

 К.Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу «Куба Буба» аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар.

Учурда К.Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК жарандарды ар кандай антиконституциялык чагымдарга, социалдык тармактарда жек көрүүчүлүктү козутууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чакырыктарга алдырбоого чакырат.