Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда «Алтын тaмгa» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде «Артыкчылык аттестатын» алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. 

2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу «Артыкчылык аттестатын» алат:

— Баткен облусунан – 14 окуучу;

— Бишкек шаарынан – 76 окуучу;

— Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;

— Нарын облусунан – 6 окуучу;

— Ош шаарынан – 8 окуучу;

— Ош облусунан – 20 окуучу;

— Талас облусунан – 5 окуучу;

— Чүй облусунан – 21 окуучу;

— Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

«Алтын тамга» тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.